02:33 05 Бештин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.1253
  • RUB1.1420
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13220

Учурда жүрүп жаткан ремонт иштери былтыркы жылдын аягында башталган. Белгиленген планга ылайык, театр 2020-жылдын ичинде толук оңдоодон өтүп, көрүүчүлөргө өз эшигин ачары айтылды.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, театрдын жетекчиси Асылбек Өзүбеков министр Азамат Жаманкуловду театрдын ремонт иштери менен тааныштырган.

  • Территория Национального академического театра драмы имени Токтоболота Абдумомунова во время ремонта в Бишкеке
    Борбор калаадагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат
    © Фото / пресс-служба Минкультуры КР
  • Руководитель Национального академического театра драмы имени Токтоболота Абдумомунова, артист Асылбек Озубеков и министр культуры Азамат Жаманкулова осматривают ремонт здания театра в Бишкеке
    Театрдын жетекчиси Асылбек Өзүбеков министр Азамат Жаманкуловду театрдын ремонт иштери менен тааныштырган.
    © Фото / пресс-служба Минкультуры КР
  • Фойе Национального академического театра драмы имени Токтоболота Абдумомунова во время ремонта в Бишкеке
    Учурда театрдын имаратынын эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары орнотулуп жаткандыгы айтылды.
    © Фото / пресс-служба Минкультуры КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Борбор калаадагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Учурда театрдын имаратынын эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары орнотулуп жаткандыгы айтылды.

Аталган маданий жай 1926-жылы негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Учурда жүрүп жаткан ремонт иштери былтыркы жылдын аягында башталган. Белгиленген планга ылайык, театр 2020-жылдын ичинде толук оңдоодон өтүп, көрүүчүлөргө өз эшигин ачмакчы.

Тема боюнча

Кыргызстандын бардык театрлары Москвада өнөрүн тартуулайт
Белгилер:
ремонт, театр, Азамат Жаманкулов, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ