Оштун мэри сындаган Салык башкармалыгынын жетекчиси Жалал-Абадга которулду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВосточный экономический форум. День первый
Восточный экономический форум. День первый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарыбашов буга чейин "Чоюнов салык жыйноодо алгылыктуу аракеттерди жасабай жатат" деп кызматтан алууну сунуштаган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Чоюнов Жалал-Абад шаарына которулду. Бул туурасында Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматта салык жыйымдарын чогултуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы аракеттерди жөнгө салуу максатында ротация жүргүзүлгөнү айтылат.

Директор Государственного учреждения Унаа при ГРС КР Алымжан Козубаев - Sputnik Кыргызстан
"Унаанын" директору Алымжан Козубаев кызматынан бошотулду
Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Чоюновду кызматтан алуу сунушу менен Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге кайрылган. Январь айында мэриянын коллегиясында дагы иш-чарага катышып жаткан вице-премьер Жеңиш Разаковго арызданган. Сарыбашов "Чоюнов салык жыйноо жана көмүскө салыктарды ачуу боюнча алгылыктуу аракеттерди жасабай жатат" деп наарызылыгын билдирген.

Ал эми Жалал-Абад шаардык салык башкармалыгынын жетекчиси Бишкектин Октябрь району боюнча салык органынын начальниги болуп дайындалганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0