Ишкер: "Бишкек" ЭЭАда карантинден толук өтпөгөн кытай жарандары бар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМедициналык маска кийген Кытай жарандары. Архив
Медициналык маска кийген Кытай жарандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте иштеген кытайлыктардын басымдуу бөлүгү Жаңы жыл майрамын майрамдоо үчүн мекенине барып келишкен.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. "Бишкек" эркин экономикалык аймагында Кытайдан келген жарандар бар, алар карантинден толугу менен өтүшкөн жок. Бул тууралуу ишкер Зарина Осмонова Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди.

Ишкер айым коңшу өлкөдө "коронавирус" деген көйгөй бар экенин эскертти.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагында Кытайдын 185 жараны бар. Алардын 152си жаңы жылды тосууга мекенине кеткен болчу. Эми алардын бардыгы кайра келет. Учурда кээ бирлери кайта баштады. Түз рейстер жок, бирок башка өлкөлөр аркылуу транзиттер бар", — деди Осмонова.

Лаборатория кызаткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун инкубация мезгили 24 күн болушу мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Ал ошондой эле кытайлыктардын бардыгы 14 күндүк карантинден өтүшү керектигин эске салды.

"Биз аталган зонада иштейбиз. 14 күндүк карантинге чыдабай келип алгандарды кудайдын куттуу күнү көрүп жатабыз. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандар болушу мүмкүн. Андыктан бийликти ушуга көңүл бурууга чакырам", — деди ишкер айым.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бардык өлкөдөн келгендер тыкыр текшерилип, күмөн жараткандар тездик менен аныкталып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0