Муз тээп жабыркагандар. Лыжа базаларынын медициналык тейлөөсүн ким көзөмөлдөйт?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Каракол" лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив
Каракол лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы лыжа базаларынын медициналык кызматкерлеринин иштешине, кырсыктаган жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү ишине нааразычылыктар көп.

Тоо лыжа базаларына эс алууга баргандар ден соолугун жабыркатып алган учур көп кездешет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине да базанын медициналык тейлөөсүнө, жардам көрсөтүүсүнө ичи чыкпаган жарандар телефон чалып кайрылышты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жабыркагандарга база тарабынан алгачкы медициналык жардамдын деңгээлине, жалпы эле медициналык тейлөөнү, коопсуздук чараларын текшерүүчү органдын бар-жогуна кызыгып көрдү.

Медицина илимдеринин кандидаты, Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун омуртка оорулары бөлүмүнүн жетекчиси Марат Сабыралиев - Sputnik Кыргызстан
Көңүл ачам деп шал болуп калгандар көп. Дарыгер Сабыралиев менен маек
2020-жылдын 24-январында "Каракол" тоо лыжа базасында эс алууга барган аял омурткасын кокустатып алган. Аялдын туугандары Facebook тармагына аталган базанын кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүүнү билбегенин, медициналык персоналында стоматологдон башка дарыгердин жоктугун жана кырсыктап калган адамды салып кетүүчү шаймандарынын жоктугун жазып нааразы болушкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигине базалардагы медициналык тейлөөнү аталган ведомство түздөн-түз көзөмөлдөй алабы деген суроо менен кат жөнөткөн. Аталган мекеменин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынан кайрылууга төмөнкүдөй жооп келди.

"Ишкерлик субъектилерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү лыжа базаларды текшерүүгө укугу жок. Себеби аталган базалар министрликтен жеке менчик медициналык кызматка лицензия алган эмес. Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү нерсе, эс алуу үчүн барган жарандардын медициналык камсыздандыруусу болушу зарыл. Мындан тышкары, эс алуучуларга өзүн алып жүрүү боюнча маалыматты лыжа базаларынын кызматкерлери бериши керек", — деп жазылат катта.

Ошондой эле катта медициналык билими жок жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча атайын даярдалган окуу программалары менен окуу курстары акы төлөө аркылуу өткөрүлүп турары камтылган.

Кырсыктаган аялдын дооматын тактоо үчүн редакция "Каракол" тоо лыжа базасы менен байланышкан. Бирок Татьяна аттуу администратору телефон аркылуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Зима в Британии - Sputnik Кыргызстан
Өмүрдү алат! Баллон менен муз тепкендердин кулагына милициядан күмүш сырга
Андан ары тоо лыжа базаларын жалпы жонунан кайсы мамлекеттик орган көзөмөлдөй аларына кызыгып, коопсуздукка, ар кандай кырсыктардын алдын алууга жоопкер органдарга сурам жөнөттүк.

Алгач Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылдык. Кышкы эс алуу базаларда эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жооптуу кызматкерлерди текшерүү жагына ӨКМдин укугу жок экен. Куткаруучулар тобу атайын чакырылса гана бара алат.

Ал эми Мамэкотехинспекциянын Аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Талант Борочоровдун Sputnik агенттигине берген маалыматында лыжа базаларында адам өмүрүнө жана жаныбарлардын коопсуздугуна шек келип, арыз түшсө гана текшере алат.

"Кыргыз өкмөтү тарабынан 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө коюлган мораторийге ылайык, жеке бизнести жана ишкерликти текшерүүгө эки жылдык тыюу салынган. 2021-жылдан баштап гана көзөмөлдөө жүрүп баштайт. Мамлекеттик экотехинспекция лыжа базаларындагы өрт коопсуздугун жана асма жолдорду гана текшере алат. Негизинен базалар бир жылда бир жолу асма жолдорду текшерүүдөн өткөртүп турушат. Эгер эс алуучу лыжа тээп же баллон менен муз тээп бара жатып куласа, ал адамдын өз күнөөсү болуп саналат", — деди Борочоров.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бизнести колдоого алуу максатында коюлган мораторий 2021-жылдын 1-январына чейин күчүндө турат.

Ал эми Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин да тоо лыжа базаларын түздөн-түз көзөмөлдөө укугу жок экендигин мекеменин башкы адиси Аскат Базарбеков билдирди.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды эмчи-домчулар каптайбы? Акысыз медицинаны жоюу боюнча 7 пикир
Анын айтымында, Монополияга каршы агенттигине керектөөчүнүн укугу бузулгандыгы боюнча арыз келип түшүп, ал аныкталса гана текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен алгач жетекчиликке эскертүү берилет. Талаптар аткарылбаса гана жеке жактарга 3 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 13 миң сомго чейин айып салынат.

Ал эми укук коргоо органдары буга чейин милицияга лыжа базаларында жабыркагандар тарабынан арыздангандар болбогонун айтышты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүндө да андай укук жок. Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү да базалардын ишине кирише албайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда "Ак-Таш", ЗИЛ, "Каракол", "Кашка-Суу", "Орловка", "Оруу-Сай", "Политех", "Тогуз-Булак", "Төө-Ашуу", "Чоң-Таш", "Чуңкурчак", "Ski-Татыр" жана "Ак-Түз" болуп бардыгы 13 база бар. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги атайын эс алуучулар үчүн базалардын кайда жайгашканы, кантип жетүүгө болору жана баасы камтылган инфографика даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0