23:25 08 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
540 0 0

Акыркы жылдары жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын саны өсүп жатканы байкалган. Маселен, 2019-жылы Орто Азияда жоголуп бара жаткан каман (жапайы чочко) эки эсе көбөйгөнү айтылат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Чүйдөгү "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынан жаныбарлардын бир нече түрүн жолуктурууга болот. Алардын арасында илбирс бар экендигин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

  • Дикие животные попавшие на фотоловушку  в государственном природном парке Чон-Кемин
    Чүйдөгү "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынан жаныбарлардын бир нече түрүн жолуктурууга болот
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Дикие животные попавшие на фотоловушку  в государственном природном парке Чон-Кемин
    Паркта 200 омурткалуу жаныбар, жерде-сууда жашаган жаныбардын эки түрү жана балыктын тогуз түрү бар
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Дикие животные попавшие на фотоловушку  в государственном природном парке Чон-Кемин
    Ошондой эле 11 түр сойлоп жүрүүчү, сүт эмүүчүлөрдүн 45 түрү жана уя салган 140 канаттуу жашайт
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Дикие животные попавшие на фотоловушку  в государственном природном парке Чон-Кемин
    Акыркы жылдары "Чоң-Кемин" жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын саны өсүп жатканы айтылат.
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
Чүйдөгү "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынан жаныбарлардын бир нече түрүн жолуктурууга болот

Ага ылайык, паркта 200 омурткалуу жаныбар, жерде-сууда жашаган жаныбардын эки түрү жана балыктын тогуз түрү бар. Ошондой эле 11 түр сойлоп жүрүүчү, сүт эмүүчүлөрдүн 45 түрү жана уя салган 140 канаттуу жашайт.

Акыркы жылдары "Чоң-Кемин" жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын саны өсүп жатканы айтылат. Маселен, 2019-жылы Орто Азияда жоголуп бараткан каман (жапайы чочко) эки эсе көбөйгөн.

Парктын аймагынан ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, аюу, аркар, марал жана башка кызыл китепке кирген жаныбарларды жолуктурууга болот. Ошондой эле бул жакта 600дөн ашуун өсүмдүктүн түрү каттоого алынган.

Тема боюнча

Сокур болуп калган илбирсти дарылоого каражат топтоо үчүн эсеп ачылды
Белгилер:
Сүрөт, жапайы жаныбарлар, жаратылыш, Кемин, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ