21:12 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542

Кенжематова: былтыр өлкөгө 8 миллиондон ашуун турист келди

Коом
Кыскача шилтеме алуу
64 0 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова өлкөдө жыл бою туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Кенжематова: былтыр өлкөгө 8 миллиондон ашуун турист келди

Кыргызстанга өткөн жылы жалпысынан 13,5 миллиондон ашуун чет элдик келген. Анын ичинен 8 миллиондон ашууну — турист. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүү максатында лыжа тебүүчүлөрдү окутуу боюнча программанын биринчи этабы жыйынтыкталды.

"Кыргызстанга өткөн жылы 8 миллион 5700  турист келди. Туризмге өзгөчө маани берилип жатканынан улам ушундай натыйжаларга жетүүгө мүмкүн болууда. Кышкы туризм багытында туристтерди негизинен лыжа тебүү кызыктырууда. Кыргызстанда 23 лыжа базасы болсо, анын 15и Чүй жана Ысык-Көл облустарында. Ал эми калган аймактарда дээрлик жок. Буларга инвестиция тартуу мүмкүн, бирок бир топ тоскоолдуктар болуп жатат. Алардын бири жер мыйзамына тиешелүү маселелер. Мисалы, жердин бир бөлүгү лыжа тебүү базаларына, экинчи бөлүгү токой чарбасын тейлеген агенттикке, үчүнчү бөлүгү жеке жактарга тиешелүү же ижарада болуп калган учурлар кездешүүдө", — деди Кенжематова.

Аткаминер жер мыйзамдарына тиешелүү маселелерди карап, өзгөртүү киргизүүгө сунуштар топтолуп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

CNN Кыргызстанды 2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу өлкөлөрдүн катарына кошту
Белгилер:
Өнүгүү, тоо, лыжа, туризм

ЭҢ МААНИЛҮҮ