00:15 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13310

Кайгуул милициясынын кызматкерлери окуучуларга жол кырсыктарынын алдын алуу, жол эрежелерин сактоо жана 102 номерин кандай учурда пайдалануу керектигин айтып беришти.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери Бишкектеги бир катар мектептердин окуучуларына сабак өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, милиционерлер окуучуларга жол кырсыктарынын алдын алуу, жол эрежелерин сактоо жана 102 номерин кандай учурда пайдалануу керектигин айтып беришти.

Ошондой эле балдарга кечкисин коомдук жайларга чыкканда сөзсүз ата-энеси же көзөмөлдөгөн жакын туугандары жанында болушу керектиги эскертилди.

Белгилей кетсек, эртең мененки саат 7:00дөн 8:00гө чейин Бишкектеги ар бир мектептин жанында, автоунаа каттоочу көчөлөрдө же ошого жакын жол өтмөктө кайгуул милициясы окуучулардын коопсуздугуна көз салып турат.

Тема боюнча

Майрамга карата Кайгуул милициясы бишкектиктерге кайрылуу жасады
Кайгуул милиция бүгүнтөн тарта Бишкектин 4 районунда тең иштей баштады
Белгилер:
жол эрежеси, сабак, окуучу, Кайгуул милициясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ