Коомго аралашсын. Майыптыгы бар балдарды жалпы мектепте окутуу сунушталууда

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМайыптыгы бар окуучу. Архив
Майыптыгы бар окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечилер мыйзам күчүнө кирсе майыптыгы бар балдар коомго эрте аралашып, билимге умтулуусу күчөй турганын айтат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев майыптыгы бар балдарды жалпы бала бакчаларда жана мектептерде окутууну сунуштап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоорун ал парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынына алып чыкты. 

Бул мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарды элден обочолонтпой коомго аралаштыруу болуп саналат.

"Майыптыгы барларга өздөрүнө окшогон балдардын арасында билим алуу жеӊил жана оӊой болот деген түшүнүк бар. Мунун натыйжасында алар атайын бала бакчада, мектепте өзүнө окшогон балдар менен бирге тарбияланып, окуп жатат. Кийин ал жогорку окуу жайына өткөндө дени сак адамдардын арасында адаптацияланууда кыйынчылыктарга учурайт. Ошол эле учурда майыптыгы бар студентке башка студенттер толеранттуу мамиле кылбайт. Жумушка орношууда да кыйынчылыктарды жаратат", — деди баяндамасында Бекешев.

Ашпозчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лицей жана колледждердин айрым адистиктерине жаңы стандарттар киргизилет
Ошондой эле ал эгер мыйзам күчүнө кирсе, майыптыгы бар балдар коомго эрте аралашып, билимге умтулуусу күчөй турганын кошумчалады. Ал эми дени сак балдар аларды бөлүп карабай, басынтпоого үйрөнөрүн белгилейт.

Мыйзам долбоорун депутаттардын баары колдоп, биринчи окууда жактырылды.

2017-жылдагы статистика боюнча Кыргызстанда 14 атайын мектеп-интернатында 2294 майыптыгы бар бала окуйт. Алардын жылдык бюджети 309,5 миллион сомду түзүп, бир балага 135 миң сом чыгымдалат. Ал эми 344 окуучуга 295 мугалим үйүнө барып сабак берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0