00:56 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Коом
Кыскача шилтеме алуу
347 0 0

Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Арстанбап айылына Россияда эмгектенген кыргызстандык жеке ишкер Кубат Досматов 180 орундуу мектеп куруп бергени маалым.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өзгөн районунун Прогресс айылына жеке ишкер Базаргүл Анарбаева 150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу бала бакчанын имаратын куруп берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

  • Открытие детского сада в селе Прогресс Узгенсого района Ошской области
    Өзгөн районунун Прогресс айылына жеке ишкер Базаргүл Анарбаева 150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу бала бакчанын имаратын куруп берди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Открытие детского сада в селе Прогресс Узгенсого района Ошской области
    Курулуш иштерине 13 миллион сом жумшалган. Жаңы бакчанын ачылышы 17-январда өтүп, пайдаланууга берилди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Открытие детского сада в селе Прогресс Узгенсого района Ошской области
    Салтанатка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Фото / Зульфия Тургунова
Өзгөн районунун Прогресс айылына жеке ишкер Базаргүл Анарбаева 150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу бала бакчанын имаратын куруп берди

Курулуш иштерине 13 миллион сом жумшалган. Жаңы бакчанын ачылышы 17-январда өтүп, пайдаланууга берилди. Салтанатка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Жаңы курулган бала бакчага учурда 80 бөбөк кабыл алынды. Мындан тышкары, мектепке чейинки даярдоо курсун орус тилинде ачуу пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бакча Жылалды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Арстанбап айылына Россияда эмгектенген кыргызстандык жеке ишкер Кубат Досматов 180 орундуу мектеп куруп бергени маалым.

Тема боюнча

Бишкек шаарынын балансына үч бала бакча кайтарылды. Даректери
Эми китепканачылар менен маданият кызматкерлери бала бакчанын жарым акысын төлөйт
Белгилер:
Өзгөн, жеке иш, имарат, курулуш, бала бакча

ЭҢ МААНИЛҮҮ