Жаш калемгерлердин чыгармаларын акысыз чыгаруу үчүн сынак жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина который пишет на блокноте
Мужчина который пишет на блокноте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каалоочулар буга чейин чыга элек поэзия, проза, драма, публицистика багытындагы кыргыз, орус тилиндеги чыгармаларын сунуштай алат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызпатент жаш калемгерлердин жарык көрө элек чыгармаларын китеп кылып акысыз чыгарып берет. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунан билдиришти.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Чамдагыла! Кыргызпатент жарым миллион сомдук сынак жарыялады
Маалыматка ылайык, аталган мекеме "Жети жаш автор" адабий сынагын жарыялады. Ага 18 жаштан 45 жашка чейинки курактагылар катыша алат. Жаштар өздөрүнүн буга чейин жарыкка чыкпаган поэзия, проза, драма, публицистика багытындагы кыргыз, орус тилиндеги чыгармаларын сунуштай алат. Кыскача өмүр баян, автордун сүрөтүн жана учурда иштеген же окуган жайынын аталышын жиберүүсү зарыл.

Сынактын максаты — жаштардын чыгармачылыгынын өсүп-өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү.

Өтүнмөлөр үстүбүздөгү жылдын 30-январына чейин кабыл алынып, каалоочулар fund@patent.kg электрондук дарегине же Бишкек шаарындагы Кыргызпатенттин имаратына алып келиши керек.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29, (0700) 84-83-29.

Жаңылыктар түрмөгү
0