Кыргызстанда Жаңы жылда биринчи бөбөк кайда төрөлдү?

© AFP / Bagus KurniawanРождение ребенка в Палембанге
Рождение ребенка в Палембанге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада Кыргызстан боюнча 261 ымыркай төрөлгөн. Бөбөктөр эң көп жарыкка келген аймак - Жалал-Абад облусу болду.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Түн жарымында Сузактын аймактык ооруканасында (Жалал-Абад облусу) кыз бала, ал эми Оштун Кара-Суу районунда  уул төрөлгөн. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 261 ымыркай жарыкка келсе, алардын 133ү эркек, ал эми 128и кыз болду. 

2019-жыл эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
2019-жыл эмнеси менен эсте калды. Инфографика
Кеп 31-декабрдагы саат 8:00дөн 1-январдагы саат 8:00гө чейин болууда.

Бишкек боюнча 67 эне төрөгөн, 34 кыз бала, уул балдар – 34. Алардын бири - эгиздер. Жаңы жылдагы биринчи ымыркай  саат 00:30да Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо жарыкка келди.

Ал эми республика боюнча үч эгиз — Ош жана Ысык-Көл аймактарында, Бишкек шаарында төрөлдү.

Бөбөктөр эң көп туулган аймак – Жалал-Абад облусу болуп, алардын саны 80 экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0