04:57 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Коом
Кыскача шилтеме алуу
108 0 0

Башкы универсалдык дүкөнгө келгендер күн сайын арт-объектиден ондогон өлкөлөрдөгү жаңылыктар жана окуялар менен тааныша алат.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Москвадагы ГУМда жайгашкан санариптик балатыда жаңы жылдык жаңылыктар менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш алып барган мамлекеттердин салттык күндөрү башталды.

Башкы универсалдык дүкөнгө келгендер күн сайын арт-объектиден ондогон өлкөлөрдөгү жаңылыктар жана окуялар менен тааныша алат.

31-декабрь жана 18-январь күндөрү лентадан кызыктуу жаңы жылдык фактыларды кыргыз тилинде окууга болот.

Быйыл Sputnik беш жылдыгын белгилеп жаткандыктан, Москва тургундарына жана конокторуна балаты белек кылган.

Медиагруппа 33 тилде чыгып, көптөгөн өлкөлөрдүн майрамдык салтын билет. Буга байланыштуу маалыматтар орус жана ар бир өлкөнүн улуттук тилинде кабарланат.

Молдовалык Аяз атанын атын билгиңиз келеби? Эстониянын майрамдык азыктары кайсылар? Италия менен Францияда жаңы жыл күнү столго кайсы тамак сөзсүз коюлушу керек? Аяз атанын КМШ өлкөлөрүндөгү көп каттаган резиденциясы кайсы, балатынын шарлары кайсы жерде ойлоп табылган? Ушул жана башка кызыктуу суроолордун жообун ГУМга келген адамдар арт-объектиден окуй алат.

Уникалдуу инновациялык Sputnik арт-объектиси — 12-ирет өтүп жаткан "Кызыл аянттагы ГУМдун жаңы жылдык балатылары" долбоорунун бир бөлүгү. Салтка айланып калгандай, дүкөн менен өнөктөш компаниялар анын аймагын жомоктогудай токойго айландырат. Каалоочулар ал жерди 19-январга чейин кыдырса болот.

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги менен Sputnik — ГУМ-муз аянтчасы, "Кызыл аянттагы ГУМдун жаңы жылдык балатылары" долбоорунун жана ГУМ-жарманкесинин маалыматтык өнөктөшү.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Тема боюнча

Кимдики бийик? Борбор Азиядагы балатыларды салыштырып көрүштү
Белгилер:
жаңылыктар, Жаңы жыл, Sputnik, Кыргызстан, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ