00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жетекчиликке жамандап барба. Кесиптештер ортосундагы этикет

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис ИА Sputnik Кыргызстан
Офис ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Көпчүлүк учурда иш орду адамга экинчи үйүндөй болуп калат эмеспи. Кээде эртеден-кечке бир жерде болуп, үйдөгүлөргө караганда кесиптештерди көбүрөөк көрөсүң.

Албетте, узак убакыт чогуу жүргөн адамдар арасында талаш-тартыш, пикир келишпестиктер дагы болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы кесиптештер менен мамиленин түз болгону жакшы.

Андыктан этикет мугалими Нуржан Исмаиловага кайрылып, жамааттагы этикет тууралуу кабар алдык.

Ал-жай сурашуу

Проект 40 девушек в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан
Аялынын кемчилигин айтып, уулуңдун мээсин жебе. Келин күтүү маданияты
Кесиптештер менен ар дайым эч кимисин калтырбай учурашып, кетерде тегиз коштошуп жүрүңүз. Биринчиден, бул сиздин тарбияңыздан кабар берсе, экинчиден, айрымдарды таарынтып албоого жардам берет. Тагыраагы, кээ бирөөлөр учурашууга, ал-жай сурашууга абдан чоң маани берет. Кокустан аны менен учурашпай калсаңыз, текеберлик же маданиятсыз адам катары кабыл алышы мүмкүн. Андан тышкары, ылайыгы келип калса үй-бүлөсү, сыркоолоп жаткан жакындарынын абалын сурап коюу ашыкча болбойт.

Кемчилигин артынан айтпа

Айрым кишилер бирөөнүн кемчилигин бетине айта албай, артынан сүйлөгөндү, өзгөчө, жетекчиликке жеткирип барганды жакшы көрөт. Туугандар, мындай сапат жумушта гана эмес, башка жактарда деле жакшы көрүнүш эмес. Тескерисинче, өзүңүздүн баркыңызды түшүрүп алышыңыз мүмкүн.

Иш боюнча маселе кеңседен чыкпашы керек

Албетте, иш жүрүп жаткан ар бир жамаатта ар кандай, кээде бири-бирине төп келишпеген көз караштар боло берет. Иш процессинде бул кадыресе көрүнүш. Анткени канча адам болсо, ошончо пикир болот. Ошол себептүү ишке байланыштуу көйгөйлөрдү кеңседен чыгарбай эле койгон туура. Тагыраагы, мындай маселелер кесиптештердин ортосуна чагымчылык жаратпашы керек.

Баарына бирдей жага албайсың

Жумуштагылардын баары менен бирдей жакшы мамиледе болуу мүмкүн эмес, өзгөчө чоң жамаатта. Ар бир адамдын кыялы, каалоосу, көз карашы ар башка, баарына бирдей жага албайсыз. Жагууга милдеттүү дагы эмессиз. Андыктан сиз менен учурашуу менен гана чектелип, көп сүйлөшө бербеген кесиптештердин "жүрөгүнө" жол издеп убара болбоңуз. Негизгиси ар ким өз милдетине так болсо болду.

Сенби же сизби?

Кызматтык макамы сизден бийик же жашы улуу адам менен "сиз" же "сен" деп сүйлөшүү боюнча ар бир жамааттын өз саясаты бар. Мисалы, мамлекеттик кызматтарда "сиз-биз" дешип, аты менен атасынын атын кошуп айтууну туура көрүшөт. Бул жагынан абалга жараша иш кылыңыз.

Сүйүү мамилелеринен оолак болуңуз

Башы бош кыз-жигит бири-бирин жактырып калып, багы ачылып кетсе, албетте, жакшы. Бирок үй-бүлөлүү адамдар кызматта өзүн түз алып жүргөнү туура.

Беймаал тынчын алба

Өтө зарыл гана маселе чыгып калбаса, кечкисин же дем алыш күндөрү кесиптештин тынчын албай эле койгон оң.

Бирөөнүн капчыгын караба

Культурный фестиваль в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кайындардын көзүнчө кыз-келинге көз кыспа. Күйөө бала этикети
Кесиптештер арасында бири-биринин айлыгы тууралуу кеп козголбошу керек. Эгер кимдир-бирөө адилетсиз жол менен сизден көп айлык алып жатат деп эсептесеңиз, бул тууралуу туздөн-түз жетекчи менен сүйлөшүңүз. Бирок бул жерде "эмнеге ал менден көп алат?" деген позициядан оолак болуп, "эмнеге менин айлыгым аз?" деген суроо менен кайрылуу керек. Кыскасы, башка бирөөнүн капчыгына эч качан баш бакпаңыз.

Ишиңе так бол

Жумушта ар бир кишинин мойнунда өз милдети болот эмеспи. Эгер кесиптештер менен мамилени бузбайм десеңиз, анын ар бирин өз маалында жана так аткаруу зарыл. Колдон келишинче өз жүгүңүздү бирөөгө артпаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0