Эми китепканачылар менен маданият кызматкерлери бала бакчанын жарым акысын төлөйт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЗдание свердловской областной универсальной научной библиотеки имени В.Г. Белинского
Здание свердловской областной универсальной научной библиотеки имени В.Г. Белинского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакчаларга кабыл алынчу жаш курак талаптарына да өзгөртүүлөр кирди. Мурда баланы 3 жаштан кабыл алса, жаңы жобо менен 2 жаш 6 айга толгон бөбөктөр бакчага бара берсе болот.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Китепканачылар менен маданият кызматкерлери балдарын жеке бала бакчага бере турган болсо 50 пайыздык жеңилдик алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова - Sputnik Кыргызстан
Бала бакча аччуларга жеңилдетилген насыя каралган. Вице-премьер Өмүрбекованын маеги
Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык долбоору старт алган. Анда аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөр жана айлыгы аз мамлекеттик кызматкерлер балдарын менчик бакчага бере турган болсо, жарым акысын өкмөт төлөп бермек

Министрлик мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизди.

Эски жободо жеңилдик төмөнкүдөй шарттагы үй-бүлөлөргө берилген:

  • Көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп баласы бар);
  • Аз камсыз үй-бүлө;
  • Баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон бүлө;
  • Ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болсо;
  • Ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо.

Өзгөртүлгөн жобого ылайык, эми бул тизмеге жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген китепканачылар жана маданият кызматкерлери кошула турган болду.

"Алар буга чейин тандалган Бишкектеги тогуз бакчага балдарын берсе, Билим берүү жана илим министрлиги төлөмдүн тең жарымын өз мойнуна алат", — деп жазылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан тандалып алынган тогуз бала бакча:

  • "Капелька счастья" бакчасы. Дареги: Дэн Сяопин көчөсү, 551;
  • "Бекхан" бакчасы. Дареги: Токмок көчөсү, 65;
  • "Карлсон" бакчасы. Дареги: Восточная көчөсү, 64;
  • "Балдар ааламы" бакчасы. Дареги: Лев Толстой көчөсү, 97а;
  • Герман Гмайнер окуу-тарбиялык комплексинин SOS мекемеси. Дареги: Токтоналиев көчөсү, 137а;
  • "Кенгурёнок" мектепке чейин окуу жана тарбия борбору. Дареги: Бакаев көчөсү, 141;
  • "Нур-Бала" бала бакчасы. Дареги: 7-кичирайон, 23/4а үйү;
  • "В гостях у Пеппи длинный чулок" бала бакчасы. Дареги: Осипенко көчөсү, 38;
  • "Слонёнок" ЖЧКсы. Дареги: Армейская көчөсү, 10-үй, 3-батир.

Бакчаларга кабыл алынчу жаш курак талаптарына да өзгөртүүлөр кирди. Мурда балдар 3 жаштан кабыл алынса, жаңы жобо менен 2 жаш 6 айлык бөбөктөрдү бакчага берсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0