14:27 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
10910

Имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоого көңүл бурган мекемелерге калаа мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында калаадагы мекеме-ишканалардын арасында "Эң мыкты көркөм-эстетикалык жасалгалоо" аттуу сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Сынактын жыйынтыгы декабрь айынын аяк ченинде чыгарылат. Имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоого көңүл бурган мекемелерге калаа мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик жаңы жылдык иш-чараларга жалпы жонунан 1 миллион 50 миң сом бөлгөн.

Ал эми калаанын борбордук бөлүгүнө коюлган балатынын бийиктиги 28 метрди түзөт. Анын оту 17-ноябрда жанган.

Тема боюнча

Башкы балатынын оту жанды! Жомокко бөлөнгөн "Ала-Тоо" аянты. Видео
"Байкуш, ай". Лондондогу башкы балаты соцтармактын шылдыңында калды
2020-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Белгилер:
Жалал-Абад, балаты, Жаңы жыл, сынак

ЭҢ МААНИЛҮҮ