08:04 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Коом
Кыскача шилтеме алуу
774 0 0

Кыргыз жарандарына Россия, Түркия, Казакстан, Болгария, Латвия сыяктуу мамлекеттерден келген жумуш берүүчүлөр тейлөө тармактарындагы иштерди сунуштоодо.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында дүйнөнүн 15 мамлекетинен келген ишканалар 3000ге жакын бош жумуш орундарын сунуштады. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

  • Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош
    Бүгүн Ош шаарында дүйнөнүн 15 мамлекетинен келген ишканалар 3000ге жакын бош жумуш орундарын сунуштап жатат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош
    Жарманке мигранттардын күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин имаратында өтүп жатат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош
    Негизги максаты — сырттан иштеп келүүнү каалаган кыргызстандыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана алданып калуусун алдын алуу
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош
    Маалыматка караганда, кыргыз жарандарына Россия, Түркия, Казакстан, Болгария, Латвия сыяктуу мамлекеттерден келген жумуш берүүчүлөр тейлөө тармактарындагы иштерди сунуштап жатышат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош
    Жумушка алынган жарандар иш берүүчү менен ортомчусуз, түз келишим түзө алат.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Бүгүн Ош шаарында дүйнөнүн 15 мамлекетинен келген ишканалар 3000ге жакын бош жумуш орундарын сунуштап жатат

Жарманке мигранттардын күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин имаратында эртең мененки саат 09.00дөн 16.00гө чейин өттү. Негизги максаты — сырттан иштеп келүүнү каалаган кыргызстандыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана алданып калуусун алдын алуу.

Маалыматка караганда, кыргыз жарандарына Россия, Түркия, Казакстан, Болгария, Латвия сыяктуу мамлекеттерден келген жумуш берүүчүлөр тейлөө тармактарындагы иштерди сунуштап жатышат. Жумушка алынган жарандар иш берүүчү менен ортомчусуз, түз келишим түзө алат.

Мамлекеттик миграция комитетинин билдирүүсүнө караганда, азыркы тапта чет жактарда иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктардын саны миллиондон ашуун. Негизги агым Россия менен Казакстанда.

Ошондой эле акыркы учурда Түркия жана АКШда да кыргызстандык мигранттардын көбөйгөнү байкалган.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал

Тема боюнча

Иш үстүндө сасык тумоону жугузуп албоонун жол-жобосу айтылды
Өкмөт жаңы жылдагы эс алуу күндөрүн бекитти
Белгилер:
жарманке, вакансия, жумуш, миграция, Ош шаары, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ