Эл каттоо: үйгө шылуун эмес, каттоочу келгенин кантип айырмаласа болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовПресс-конференции в Бишкеке
Пресс-конференции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чара 2020-жылдын 27-мартынан тарта башталат. Аталган иш-чарага республика боюнча 24 109 кызматкер катышат. Кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2020-жылы өтө турган элди жана турак жайды каттоо учурунда кантип шылуундардан сактануу керектигин айтып берди.

Маалыматка караганда, бул жылы каттоочу адистерди алардын күбөлүгүндөгү QR-код аркылуу тааныса болот.

"Каттоочунун күбөлүгүнүн анык экендигин текшерүү үчүн документтин өзүндө QR-код болот. Жаран үйүнө бөтөн адам келгенде ал алдамчы эмес, каттоочу экенин так билүү үчүн QR-кодду смартфон аркылуу сканерден өткөрүшү керек. Мындан соң смартфондун экранында Улуттук статкомдун серверине шилтеме чыгат, анда каттоочунун сүрөтү, фамилиясы, аты, атасынын аты болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исалиев: эл каттоого карата 24 109 кызматкер атайын окуудан өтөт
Бирок каттоочунун аты-жөнүнүн бир бөлүгү персоналдуу маалыматтардын конфиденциалдуулугун сактоо максатында жашырылып коюлат.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу боюнча ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлө турган ири изилдөө.

Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чара 2020-жылдын 27-мартынан тарта башталат. Аталган иш-чарага республика боюнча 24 109 кызматкер катышат. Кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча эл каттоо учурунда абалдан пайдаланып ууру-кескилер, шылуундар ишенчээк адамдардын үйүнө кирип, зыян келтирген мисалдар көп кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0