Мэрия автобустарга дөңгөлөк сатып алууда 5 млн. сом үнөмдөөгө аракет кылган

Жазылуу
Эки күн мурда шаар тургундары автобустар жолго чыкпай жатканын айтып, арызданышкан. Мэрия коомдук транспорт эмне себептен токтоп калганын түшүндүрдү.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы автобустарга дөңгөлөк сатып алууда беш миллион сом үнөмдөп калууга аракет жасаган, бирок эски дөңгөлөктөр биздин климатка туура келбей калды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

25-ноябрда Бишкектеги көпчүлүк автобустар жол тайгак болгондугуна байланыштуу линияга чыккан эмес. 27-ноябрда Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков 49 автобустагы кытай дөңгөлөктөрү кышкы жолго жараксыз болуп калганын айткан.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жолго туз сепкенден кийин, кечээ күнү эртең менен автобустар кайрадан линияга чыккан.

Мэриядан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында дөңгөлөк сатып алуу үчүн тендер жарыяланган. Бирок беш миллион сомдон ашуун акча үнөмдөп калуу үчүн мэрия дөңгөлөк ала элек болчу. Муниципалитет эски дөңгөлөктөр быйылкыга да жарайт деп үмүт арткан.

"Эми бир жуманын ичинде автобустарга белоруссиялык жаңы дөңгөлөктөр сатып алынат", — дешти мэриядан.

Муниципалитет элден кечирим сурап, бул окуя алар үчүн сабак болгонун жана экинчи кайталанбай турганын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0