12:25 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ишкер Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү (40)
20010

Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, элчинин ички иштер боюнча кеңешчиси жана жандармериясынын өкүлү менен жолуккан.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстан жана Түркиянын ички иштер министрлери Кашкар Жунушалиев менен Сулейман Сойлу телефон аркылуу сүйлөшүп, Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин иши боюнча маалыматтарды берүүнү макулдашышты. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, элчинин ички иштер боюнча кеңешчиси жана жандармериясынын өкүлү менен жолуккан. Андан соң министрлер Жунушалиев менен Сулейман Сойлу бир саатка жакын телефон аркылуу сүйлөшүп, Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө туурасында кеп болгон.

"Сүйлөшүүлөрдө Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча кызыкчылык жараткан маалыматтарды берүү тууралуу макулдашуу болду", — деп айтылган ИИМ тараткан маалыматта.

Эске салсак, 10-ноябрда кечинде Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин алдынан ишкер Айэркен Саймаити атып өлтүрүлүп, ага шектелип үч киши кармалган. Айрым маалыматтарда колго түшкөн үч кишинин экөө Кыргызстандын жараны экени айтылып, бирок кийин Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы шектүүлөргө Кыргызстандын паспорту берилбегенин жана КРдин жараны эместигин кабарлаган.

Андан сырткары, кылмыш болгон аймактан анча алыс эмес жерден Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. КР Тышкы иштер министрлиги Сопоков буга чейин да бир нече эреже-шарттарды бузганын айтып, ал мамлекет башчынын Жарлыгы менен иштен алынган.

Тема:
Ишкер Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү (40)

Тема боюнча

Саймаитинин ысымы канча кылмыш ишинде аталып жатканы айтылды
УКМК журналисттик иликтөөнүн фигуранттарын суракка алат
Белгилер:
Кыргызстан, Түркия, Айеркен Саймаити, Өлтүрүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ