ЖККУ саммитинин маалында ири көчөлөр жабылат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников столичной Патрульной милиции
Работа сотрудников столичной Патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келсе, эртеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 27-28-ноябрь күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылып, жол кыймылына чектөө коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаршемби күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келсе, эртеси, 28-ноябрда, Кыргызстандын төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

Чектөө киргизилүүчү көчөлөр:

  • "Манас" аэропортунан Жибек Жолу проспектисине чейинки Фучик көчөсү;
  • Жибек Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
  • Фучиктен Манас проспектисине чейинки Чүй проспектиси;
  • Чүй проспектиси Манаска чейин;
  • Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки Чүй проспектиси;
  • Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки Абдрахманов көчөсү;
  • Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери резиденцияга чейин.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токаевдин Кыргызстанга сапары жана ЖККУ саммити. Программа
ЖКККББ иш-чаралардын маанилүүлүгүнөн улам киргизилчү чектөөлөргө түшүнүү менен кароону өтүнөт. Автотыгындардын алдын алуу үчүн жол эрежелерин сактап, аталган көчөлөрдүн боюна унааларды таштабоону эске салат.

Мындан тышкары, өлкөдөн чыгып же өлкөгө кирип жаткандар болсо "Манас" аэропортуна, республика ичинде жол жүрө тургандарга темир жол, автобекеттерге эртерээк келүү керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0