Кыргызстанда унааларга саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилди

Жазылуу
Өкмөттүн токтомунда жаңы эреже катуу ылдамдык менен жүрүүгө ылайыктуу келген жолдорго киргизилери айтылат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын айрым трассаларында жеңил унааларга саатына 110 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берилди. Бул туурасында өкмөттүн токтомунда айтылат.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
11 эсе көбөйөт! Кыргызстанга кирген автоунаанын бажы төлөмү канча болору айтылды
Жаңы эрежеге ылайык, мурда саатына 90 чакырым ылдамдык менен айдоого уруксат берилген жолдордо эми 110 менен жүрүүгө болот. Токтом долбоору ушул жылдын жай айында жарыяланган болчу. Документке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 31-октябрда кол койгон.

Кайсы автоунаа жолдоруна уруксат берүү керектигин транспорт жана жолдор тармагындагы органдар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте аныктайт.

Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0