Жалал-Абаддагы бир көчөгө Курманбек Бакиевдин аты ыйгарылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдык кеңештин төрагасы качкын президенттин ысымын көчөгө ыйгаруу сунушун депутаттардын баары колдогонун айтты.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Жакшылык Эгембердиев тастыктады.

Бүгүн социалдык тармактарда качкын президенттин портрети тартылып, "Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө" деп жазылган тактайдын сүрөтү тараган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @suyun.kurmankulov9616

Айыл өкмөт башчысы буга каршы болгонун, бирок айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоо тапканын билдирди.

"Ушул жуманын башында айылдык кеңештин депутаттары жаңыдан түзүлгөн көчөгө Курманбек Бакиевдин атын ыйгаруу токтомун чыгарды. Мен буга башынан эле каршы болуп, соттолгон адамдын ысымын ыйгаруу туура эмес экенин айтып келгем. Бирок аны эске алышкан жок. Жакында эле ал жерге барып түлөө өткөрүп, ачылышын жасашты. Ага да барган жокмун. Ал көчөдө 15тей үй-бүлө жашайт", — деди Эгембердиев.

Ал эми Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы Нургазы Муратов качкын президенттин ысымын ыйгаруу жергиликтүү элдин сунушу болгонун билдирди. Бирок демилгени депутаттар кайсы мыйзамга таянып колдогонун түшүндүрүп бере алган жок. Азыр конокто отурганын жүйө келтирип, кийинчерээк кенен маалымат берүүнү убадалады.

Курманбек Бакиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
УКМК Бакиевдерди колдогон ЖМКларга эскертүү берди
Эскерте кетсек, Курманбек Бакиевге Кыргызстандын аскер соту сыртынан өкүм чыгарып, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ошол учурда бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы болгон эл 2010-жылдын 7-апрелинде "Ала-Тоо" аянтына чыгып, ал кездеги президент Курманбек Бакиевди тактан кулаткан. Ал күнү атылган октон 80ден ашуун адам каза таап, Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Мындан сырткары, Бакиев дагы эки адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деп табылган. Экс-президент менен анын үй-бүлөсүнө, жакындарына эл аралык издөө жарыяланган.

Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары Кыргызстанды башкарган. Учурда ал Белоруссиянын баш калаасы Минск шаарында экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0