08:18 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Хирург-онколог, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Илимий-практикалык борборунда директордун орун басары Бакыт Токтоказиев

Аял киши ракка кабылганын айткандан коркот экен. Хирург-онколог менен маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
178010

Бакыт Токтоказиев 29 гана жашта, ал билимин беш жылдай чет жактан тереңдетип келген. Учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Илимий-практикалык борборунда директордун орун басары болуп иштейт.

Хирург-онколог Бакыт Токтоказиев дарыгерлердин тобу менен быйыл жайында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна атайын барып элди көрүп, алардын саламаттыгын текшерип келген. Айтымында, текшерүү учурунда гинекологиялык жактан рак илдетине чалдыккан аялдар арбын болуп чыккан. Ал бул интервьюда Кыргызстанда рак илдетинин кайсы түрү кеңири жайылганын айтып берди. Андан сырткары, эмнеге боордун мите курт оорусу кеңири тарап жатышынын себебине токтолду.

— Быйыл жайында аймактарга чыгып, элдин саламаттыгын текшерип келиптирсиңер. Бул ишти баштоого эмне себеп болду?

— Караштырып көрсөк, өлкөдө онкологиялык ооруга чалдыгып, хирургиялык операция талап кылынган, оорунун акыркы стадиясына жетип калгандар көп экен. Ошолорду көрүп биздин мекеменин жетекчилиги менен кеңешип, аймактарды кыдыруу чечимине келдик. Оорунун алдын алууга аракеттенүүнү максат кылдык. Анткени дарт эрте аныкталса, дарылоо бир топ жеңил болот эмеспи. Негизинен айрымдардын чоң шаарларга келүүгө шарты жок, ошондуктан алыскы аймактарга барууну туура көрдүк. Аймактарда адистер жетишпейт, текшере турчу аппараттар, жабдуулар жок.

— Кайсы аймактарга барып жетиштиңер?

— Нарын облусунун Ак-Талаа районунда болдук. Ал жакка үч адис — онкогинеколог, хирург-онколог, маммолог болуп барганбыз. Жеринен текшерүү жүргүзүү үчүн өз аппаратурабызды алып бардык. Онкологиялык ооруларга так диагноз коюш үчүн текшерүүдөн өтүү керек. Бейтапты көз менен карап туруп эле дартын аныктап коюу мүмкүн эмес. Албетте, оорунун айрым белгилери көз менен караганда деле көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал так диагноз койгонго жардам бере албайт.

— Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болду? Эл ден соолугуна кандай карайт экен?

— Өкүнүчтүүсү — эл саламаттыгына тийиштүү деңгээлде кам көрбөйт экен. Ак-Талаага барганда ошону сездим. 300дөй кишини көрдүк. Райондогу эң эле орчундуу көйгөйлөрдүн бири — аялдардын гинекологиялык ооруларынын көбөйгөнүн байкадым. Район боюнча бир эле гинеколог бар экен. Адистер тартыш болгондуктан, ал акушер да болууга аргасыз. Албетте, жаш адистерди тартуу боюнча аракеттер болуп жатыптыр, бирок азырынча жыйынтык анчейин жок. Бир четинен бул оорунун көбөйүшү адистердин жоктугунан да болуп жатат. Андан сырткары, эл да өзү кайрылбайт экен.

Хирург-онколог, заместитель директора научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Хирург-онколог Бакыт Токтоказиев дарыгерлердин тобу менен быйыл жайында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна атайын барып элди көрүп, алардын саламаттыгын текшерип келген. Айтымында, текшерүү учурунда гинекологиялык жактан рак илдетине чалдыккан аялдар арбын болуп чыккан.

— Дагы кайсы райондорду кыдырдыңар?

— Ак-Талаадан кийин Нарын районунда болуп, бирок элди бир эле күн көрүп калдык. Быйыл ушул эки районду гана кыдырганга жетиштик. Азыр башка райондор дагы "бизге келип текшерип кеткиле" деп кайрылып жатышат. Бул биздин илимий борбордун жасап жаткан иштеринин башталышы гана. Мындай иштер уланат.

— Рак илдетинин алдын алса болобу? Себеп дегенде баарынын эле Бишкекке келип текшерилгенге чама-чаркы туура келбейт да?

— Албетте, болот. Мисалы, Япония ашказан рагына чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турчу. Алар кандай кылды? Калкты толугу менен текшерүүгө алды. Гастроскопия жана колоноскопиядан өткөрдү. Рак илдетине кабылгандар оору өрчүп кете электе дарыланып, бул оорудан каза болгондордун саны бир кыйла төмөндөдү. Бүгүнкү күнү Япония ашказан рагын кантип дарылоо керектигин дүйнөгө үйрөтөт.

— Кыргызстанда дарттын кайсы түрү көп кездешет?

— Боордун мите куртунан жабыркагандар аябай көбөйүп жатат. Кыргызстан мал-жандуу келгендиктен эндемикалык аймактарга кирет. Нарын облусунда Ат-Башы менен Кочкор району, Ош облусунда Чоң Алай менен Кичи Алай дал ушундай аймактардын катарын толуктайт. Бул жерлерде альвеококкоз менен эхинококкоздун очоктору көп.

Ал эми рак оорусу тууралуу айта турган болсок, аялдар арасында эмчек рагы менен гинекологиялык оорулар көп болсо, эркектер арасында ашказан менен өпкө рагы кеңири жайылган.

— Аймактарга чыгып текшерүү иштерин жүргүзүү оорунун алдын алууда кандайдыр бир жардам береби? Адамдар өзүнө кам көрбөсө, сиздердин аракеттин натыйжасы кандай болот?

— Албетте, берет. Ак-Талаага барганда онкогинекологдор ракка өтүшүп бараткан учурларды аябай көп табышты, дарылашты. Башкача айтканда, гинекологиялык оору ракка айланып кете электе дарыланды. Эми ошол бейтаптар "ракка кабылып калдым" деп коркпой, жылына бир-эки жолу гинекологго кайрылып көзөмөлдө гана турушат. Аял кишилер гинекологиялык жактан ооруп жатканын, же рак илдетине чалдыкканын жакындарына, жолдошуна айткандан коркот экен. Мисалы, жаштар ажырашып кетебиз деп кооптонушат. Мен өзүм практикамда күйөөсүнө дарты тууралуу айткандан кийин ажырашып кеткен жуптарды көрдүм.

— Бизде онколог дарыгерлер жетиштүүбү?

— Чоң-чоң шаарларда эле жетиштүү болбосо, алыскы аймактарда тартыш. 

Хирург-онколог, заместитель директора научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Токтоказиев: эл саламаттыгына тийиштүү деңгээлде кам көрбөйт экен. Эң эле орчундуу көйгөйлөрдүн бири - аялдардын гинекологиялык ооруларынын көбөйүшү.

— Акыркы убакта рак тууралуу көп угам. Ага чалдыккандар, көз жумгандар... Бул дарттын себеби, дарылоо ыкмасы табыла электиги түйшөлтөт.

— Ушундан улам пайда болду деп так кесе эч ким айта албайт. Анткени так жообу болсо дарылоо ыкмасы да табылмак. Ошондуктан ар кандай вариантта дарылаганга аракет кылабыз. Бул атадан балага өтүп тукум кууйт деген божомолдор бар. Инфекциядан да болушу мүмкүн. Аба, радиация же жеген тамактарыбыз да ооруну козгошу ыктымал.

— Технологиянын өнүккөн заманында медицина да тездик менен өнүгүп-өсүп жатпайбы. Билимиңизди, тажрыйбаңызды жогорулатып турасызбы?

— Ооба. Алгач Кыргызстандан медициналык академияны бүтүргөм. 6-курсту аяктагандан кийин Москвадагы Н.И.Пирогов атындагы Россия мамлекеттик медициналык университетине тапшырып, госпиталдык хирургия кафедрасында ординатураны эки жыл окудум. Андан сырткары, Москвада А.С.Логинов атындагы клиникалык илимий-практикалык борбордо онкология багытында билимимди тереңдетип, эки жыл Москва шаарындагы 31-ооруканада тажрыйба алдым. Андан кийин Кыргызстанга кайттым. Келгениме бир жылга чамалап баратат.

— Хирургдун баары эле биринчи жасаган операциясын эстеп калса керек?

— Эң биринчи операцияны Москвадан жасап сокур ичегини лапароскопия (терини кеспей, аны кичинекей кылып тешип алып жасалат) жолу менен алгам. Албетте, бир аз толкундангам.

— Кыргызстандагы айрым хирургдар "биздин жумуш күз келгенде кызыйт. Себеби эл мал-жандыгын жакага түшүрүп, картошкасын казгандан кийин ден соолугуна кам көрөт" деп тамаша-чыны аралаш айткандарын уккан элем. Ушундай нерсени сиз да байкай алдыңызбы?

— Кыргызстанга келгенде мен да ошону байкадым (күлүп). Россияда андай нерсе жок. Бейтаптардын көбү ооруп калса дароо келип дарыланганга аракет кылат. Кыргызстанда кышында жана жайында бейтаптар аз кайрылат, күз менен жазында көбөйөт. Тилекке каршы, биз биринчи орунга ден соолукту эмес, ишти коёт экенбиз. Ошол себептен да ушундай тенденция байкалат окшойт.

Тема боюнча

Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек
Белгилер:
онкология, ден соолук, медицина

ЭҢ МААНИЛҮҮ