00:32 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Диний окуу жайдын тарбиялануучулары. Архив

Кыргызстанда диний окуу жайлары бирдиктүү электрондук системага өтөт

© AFP 2019 / FARSHAD USYAN
Коом
Кыскача шилтеме алуу
61 0 0

Максатбек ажы Токтомушев диний окуу жайлардагы билим берүү системасын мындан дагы жакшыртуу керектигин айтып, окуу процесси бирдиктүү окуу программасынын алкагында жүрүүсү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бардык диний билим берүү мекемелерин бирдиктүү электрондук системага өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай кадамды ишке ашыруу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы түндүк аймактагы диний окуу жайлардын жетекчилерине жыйын өткөрдү.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний окуу жайлардагы билим берүү системасын мындан дагы жакшыртуу керектигин айтып, өзгөчө окуу процесси бирдиктүү окуу программасынын алкагында жүрүүсү керектигин белгиледи.

"Төрт жылдан бери муфтият бардык тармакты электрондоштуруунун үстүндө иш алып барууда. Учурда ажылыкты уюштуруу иши толугу менен электрондоштурулду. Азыр эми билим берүү тармагын бирдиктүү электрондук системага өткөрүүнүн босогосунда турабыз. Буга ар бир диний окуу жай жардам берүүсү керек", — деди муфтий.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы окуу бөлүмүнүн башчысы бирдиктүү электрондук система боюнча кеңири маалымат берип, бул өз кезегинде диний окуу жайлар үчүн жемишин бере тургандыгын билдирди.

Тема боюнча

Жанжигит уулу: маданият тармагына олуттуу реформа керек
Ноябрдан тарта билим берүү тармагында айлык берүү автоматташтырыла баштайт
Белгилер:
окуу, Максатбек Токтомушев, Муфтият, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ