06:20 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков транспорт кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
91 0 0

Андан сырткары, жолдорду оңдоп, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган жаңы технологияларды киргизүү зарыл экенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн транспорт жана жол тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков куттуктоосунда жол жана транспорт — экономикада жана коомдук турмушта өтө маанилүү ролду ойной турганын, жол инфраструктурасын өнүктүрүү — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин белгилеген.

"Аба ырайынын татаал шарттарында да жүргүнчүлөргө сапаттуу жана коопсуз кызмат көрсөтүүнү, экономикага зарыл жүктөрдү ташууну камсыз кылып келесиздер. Алдыда дагы көп иштер, анын ичинде ири долбоорлорду ишке ашырууга арналган милдеттер күтүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Президент, андан сырткары, жолдорду оңдоп, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган жаңы технологияларды киргизүү зарыл экенин кошумчалаган.

Тема боюнча

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын жетишкендиктерин айтты
Белгилер:
транспорт, куттуктоо, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ