00:10 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Министр эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып мектептерде ысык тамак берүүдөгү негизги көйгөй таза суу экенин билдирди.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 2265 мектеп болсо, ошонун 1485инде ысык тамак берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

Министр эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып мектептерге ысык тамак берүүдөгү негизги көйгөй таза суу экенин белгиледи. Ал эл аралык уюмдар аталган маселе чечилсе колдоо көрсөтөрүн айтып жатканын билдирди.

"Бийлик таза суу маселесин чечүү үчүн демөөрчүлөрдү тартууга аракет кылса жакшы болот эле", — деди Исаков.

Ал эми эл өкүлү Алмазбек Эргешов демөөрчүлөрдү күтүп отура бербестен көйгөйдү бюджеттин эсебинен чечүү керектигин белгиледи.

Тема боюнча

Омуралиев: билим жарманкесинде чет жакта окуу боюнча кеңештер айтылат
Исаев: мугалимдердин айлыгынын көбөйгөнүнө биздин тиешебиз бар
Белгилер:
билим берүү, тамак, окуучу, мектеп, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ