11:48 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Баткен шаары. Архивдик сүрөт

Баткенде турак жайы жок 106 жалгыз бой эне үйлүү болду. Сүрөттөр

© Sputnik / Эмиль Садыров
Коом
Кыскача шилтеме алуу
32810

Жаңы шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган. Ошондой эле таза суу тартылып, ар бир үй суу менен камсыз болгон.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын жергиликтүү кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттө салынып бүткөн шаарчанын ачылышына каржылык колдоо көрсөткөн Кувейт мамлекетинен келген коноктор, КРдин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов баштаган жетекчилер, шаар тургундары катышты.

  • В Баткене состоялось открытие социального городка для 106 семей, вдов и матерей-одиночек.
    Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В Баткене состоялось открытие социального городка для 106 семей, вдов и матерей-одиночек.
    Кыска мөөнөттө салынып бүткөн шаарчанын ачылышына каржылык колдоо көрсөткөн Кувейт мамлекетинен келген коноктор, КРдин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов баштаган жетекчилер, шаар тургундары катышты.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди.

Облус башчылыгынан билдиришкендей, социалдык шаарча 25 турак үйдөн туруп, ар бир үйдө төрттөн батир бар. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмерек менен камсыздалган. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган. Ошондой эле таза суу тартылып, ар бир үй суу менен камсыз болгон.

Аталган объект турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди.

Тема боюнча

Катардын дарыгерлери Кыргызстанга келип акысыз операция жасашы мүмкүн
Үсөнакун уулу: Ипотекалык компания аркылуу 4000ден ашуун бүлө үй алды
Белгилер:
жардам, эне, курулуш, үй, Баткен

ЭҢ МААНИЛҮҮ