00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Контейнер мектепте окуган балдар көчтү. Жаңы класстардын сүрөтү

© Фото / пресс-служба полномочного представителя правительства в Нарынской областиОткрытие школы в селе Кенеш Нарынской области
Открытие школы в селе Кенеш Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы окуу жылында Кеңеш айылынын авариялык абалда турган мектебинде окуган 160 бала үчүн алты мобилдик үй жеткирилген. Буга коомдо нааразычылык жаралып, облус жетекчилиги окуучуларды суук түшкөнгө чейин башка имаратка көчүрөбүз деп убада берген.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде билим алган окуучулар эртең, 3-октябрдан тарта, жаңы имаратта окуй баштайт. Балдар үчүн класс түрүндө кайра жасалып чыккан имараттын ичинен тартылган сүрөттөрдү облус администрациясынын маалымат кызматы жөнөттү.

"Кеңеш айылына былтыр жаңы клуб курулган. Жаңы мектептин курулушу бүткүчө балдар анда окуп турсун деп класстарга бөлүп жасап чыгышты. Кечээ иштердин баары бүттү. Эртең окуучулар жаңы имаратта окуй баштайт", — деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

© Фото / пресс-служба полномочного представителя правительства в Нарынской областиНарын районунун Кеңеш айылында контейнерде билим алган окуучулар эртең, 3-октябрдан тарта, жаңы имаратта окуй баштайт.
Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде билим алган окуучулар эртең, 3-октябрдан тарта, жаңы имаратта окуй баштайт. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде билим алган окуучулар эртең, 3-октябрдан тарта, жаңы имаратта окуй баштайт.
© Фото / пресс-служба полномочного представителя правительства в Нарынской областиБалдар үчүн класс түрүндө кайра жасалып чыккан имараттын ичинен тартылган сүрөттөрдү облус администрациясынын маалымат кызматы жөнөттү.
Балдар үчүн класс түрүндө кайра жасалып чыккан имараттын ичинен тартылган сүрөттөрдү облус администрациясынын маалымат кызматы жөнөттү. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Балдар үчүн класс түрүндө кайра жасалып чыккан имараттын ичинен тартылган сүрөттөрдү облус администрациясынын маалымат кызматы жөнөттү.
1/2
Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде билим алган окуучулар эртең, 3-октябрдан тарта, жаңы имаратта окуй баштайт.
2/2
Балдар үчүн класс түрүндө кайра жасалып чыккан имараттын ичинен тартылган сүрөттөрдү облус администрациясынын маалымат кызматы жөнөттү.

Эске салсак, жаңы окуу жылында Кеңеш айылына контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, анын ачылышы өткөн. Аземге Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган аткаминерлер катышкан.

Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш мугалим менен жаш дарыгердин айлыгына канча акча кошулат? Депозиттин чоо-жайы
Көп өтпөй социалдык тармакка мобилдик үйдүн астында отурган беш аткаминердин сүрөтү жарыяланып, кызуу талкуу жаралган.

Айрымдар мектеп салууну демилгелеп, курулуш материалдарын, акча каражатын чогулта баштаган. Бирок өкмөт элден мындай жардам алуудан баш тарткан.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү мектептин имараты авариялык абалда болгону үчүн балдардын коопсуздугун сактоо максатында мобилдик үй алып келинип, бирок окуучулар суук түшкөнгө чейин жылуу имаратка көчүрүлөрүн айткан.

Маалыматка караганда, жаңы мектептин долбоордук-сметалык документациясы даяр, жакынкы арада куруу иштери башталып, 2020-жылы ишке берилет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0