10:47 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Началось строительство школы в селе Уч-Добо Баткенского района

Баткендин чегинде 80 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы салына баштады

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
101 0 0

Орто-Боз айылындагы Жолдошбай Момунов атындагы орто мектеп 1938-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалда.

ОШ, 1-окт. – Sputnik. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында орто мектептердин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алманбет Салиев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров аталган мектептердин курулушуна капсула салышты.

  • Началось строительство школы в селе Уч-Добо Баткенского района
    Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында орто мектептердин курулуш иштери башталды.

1 / 2
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында орто мектептердин курулуш иштери башталды.

Орто-Боз айылындагы Жолдошбай Момунов атындагы орто мектеп 1938-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалга кептелген. Ал эми Үч-Дөбө айылындагы мектеп башталгыч класстар үчүн гана курулган. Жогорку класстар коңшу айылдагы мектептерге каттап окушат.

Мугалим сабакта. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Үч-Дөбө айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкташып, курулуш иштерине республикалык казынадан 35 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми Орто-Боз айылындагы мектеп 150 орунга ылайыкташтырылып, ага 45 миллион сом каралган.

Эки мектептин имаратынын курулуш иштери 2020-жылдын сентябрь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи.

Белгилей кетсек, чек аралаш аймактагы бул курулуштар өлкө башчысынын жеке көзөмөлүнө алынган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Айлык көтөрүлгөндөн кийин мугалимдер канча алат. Таблица
Белгилер:
авариялык абал, мектеп, Баткен, чек ара

ЭҢ МААНИЛҮҮ