БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлыгы канчага көтөрүлө турганын көрсөткөн таблица жарыялады.
Эске салсак, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгы октябрь айынан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Ал эми 30-сентябрь күнү Финансы министрлиги бул максатка каражат табылганын маалымдады.
Таблицада салыктар жана социалдык төлөмдөр алына электеги цифралар көрсөтүлгөн. Билим берүү министрлигинен төлөмдөр болжол менен айлыктын 18 пайызын түзөрүн кошумчалашты.
Маалыматка караганда, мында орточо айлык көрсөтүлгөн. Иш тажрыйбасына, сабактын саатына жараша жана башка төлөмдөрдү эске алганда ар кайсы мугалимдики мындан жогору же төмөн болушу ыктымал.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.