Андрей Малахов эфирде айткандары боюнча үн катты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссиялык алып баруучу Андрей Малахов. Архив
Россиялык алып баруучу Андрей Малахов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малахов анын жеке пикири демократиялуу Кыргызстанда өтө көп нааразычылыктарды жаратарын ойлобогонун айткан.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов чуу жараткан теле берүү боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

Анын билдирүүсү өзү башкы редактор болгон Starhit порталына жарыяланды.

Малахов анын жеке пикири демократиялуу Кыргызстанда өтө көп нааразычылыктарды жаратарын ойлобогонун айткан. Бир суткада эле эфирге чыккан программа боюнча 20 миңден ашык пикир алганын билдирген.

Ал ошондой эле программаны даярдап чыгууда ондон ашык улуттун өкүлдөрү иштей турганын кошумчалаган.

"Бул чыгарылышта менин журналист катары милдетим баласын жоготуп боздоп жаткан эненин абалын жана ал эмнеге каза болгонун түшүнүү болчу. Укук бузгандардын, кылмышкерлердин улуту жана жарандыгы болбойт, мыйзам алдында баары бирдей. Мен кыргыздарды сүйүктүү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан гана эмес, Семён Чуйковдун эмгектери аркылуу билем. Андан сырткары, жеке жолугууларым да болгон. Мен журналисттик ишимдин бир бөлүгүн аткардым деп ойлойм. Татьяна Маругова күнөөлүүнүн өзүнөн болбосо да анын өкүлдөрүнөн биринчи жолу кечирим сураганын укту. Анан калса менин айткандарымды кээ бир кыргыздар туура эмес түшүнүп калганына өкүнүп турам. Мен тынчтыкты жана ынтымактуу коңшулук мамилелерди каалайм. А баса, акыйкаттык жана сөз эркиндигин жактайм", — деди ал.

Буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалындагы "Прямой эфир" берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулунун мотоцикли кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.

Эфир учурунда таксисттин ата-энеси жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү маркумдун энесине көңүл айтып, кечирим сурашкан. Бирок берүүгө чакырылгандар менен теле алып баруучу бул жерде баары буюртма аркылуу жасалган деген оюн таңуулашкан.

На месте ДТП с пассажирским автобусом в Перми - Sputnik Кыргызстан
Калтырап кеттим. Пермде кырсыктаган автобустан элди алып чыккан кыргыз таксист
"Рулда 23 жаштагы кайдагы бир мурдун тарта албаган бала болгон. Ал башка мамлекеттен келип, бир нече айдан бери такси кызматында иштеп жүрүптүр. Ага бирөө 100 миң доллар берсе үй-бүлөсүн, туугандарын, бүтүндөй айылын бактылуу кыла алат. Мындай акчаны алар өмүр бою иштеп таба албайт да, себеби айлыктары 10 доллар", — деген Малахов.

Берүү YouTube-каналына чыккандан кийин алып баруучу катуу сынга кабылды. Соцтармактын колдонуучулары maLOHov хештеги менен ага наалат айткан билдирүүлөрдү жазышууда. Көпчүлүк алып баруучу бүтүндөй кыргыз элинин намысына шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылып жатат.

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун айткандары боюнча пикирин билдирип, "адамды таарынтуу оңой, бирок муну менен жашоо кыйын. Андан да жаманы - бүткүл элди кемсинтүү", - деп жазган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басарын чакыртып, ТИМ өкүлү журналисттин Россиянын мамлекеттик ЖМКсы аркылуу айткандарына тынчсыздана турганын билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0