10:44 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Оорукана. Архивдик сүрөт

Бир нече оорукананын дарыгерлеринин айлыгы жаңы ыкма менен эсептелет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
288 0 0

Кыргызстанда үч мамлекеттик ооруканага бейтаптардын акы төлөп көрүнүүсү боюнча демилге талкууланып жатат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү долбоорунун алкагында дарыгерлердин айлыгы жаңы ыкма менен эсептелиши ыктымал. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Атакулов Sputnik агенттигиндеги тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, учурдагы нормативдер медициналык мекемелерге дарыгерлердин жасаган ишине жараша айлык төлөөгө мүмкүндүк бербейт.

"Азыр республика боюнча дарыгердин орточо айлыгы 12-13 миң сомду түзөт. Жаңы долбоордун алкагында дарыгерлерди шыктандыруу үчүн эски нормалардан баш тартып, ар бир дарыгерге иштегенине жараша айлык берүү системасын киргизүү керек. Мисалы, азыр кардиохирургияда 20 операция жасаган дарыгер менен беш операция жасаган дарыгердин айлыгы бирдей", — деди Атакулов.

Ал ошондой эле учурда бекитилген документтер боюнча айлыкты белгиленген нормадан ашык төлөөгө жол берилбей турганын кошумчалады.

Анын айтымында, иштеп жаткан норматив боюнча дарыгердин негизги маянасы 5 миң сом деп белгиленген, башка документтерде кошумча акы төлөө каралган. Ошолордун негизинде дарыгерлердин айлыгы аныкталат. Андыктан сынамык долбоор боюнча дарыгерлерге айлыкты жаңы эреже менен төлөп берүү каралган.

Тема боюнча

Өлкөнүн кайсы аймагы кандай дарыгерге муктаж? Статистика
Бала бакча аччуларга жеңилдетилген насыя каралган. Вице-премьер Өмүрбекованын маеги
Белгилер:
долбоорлор, маяна, айлык-акы, дарыгер, КР Саламаттык сактоо министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ