Бишкекте жаңы жол чырактар орнотулууда

© пресс-служба мэрии города БишкекНовый светофор установленный на одной из улиц Бишкека
Новый светофор установленный на одной из улиц Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңы жол чырактан бешөө орнотулуп жатат. Алардын экөө жөө кишилер үчүн болсо, үчөө автотранспорт үчүн коюлууда.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү максатында жаңы жол чырактар орнотулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда жаңы жол чырактан бешөөнү орнотуу иштери жүрүп жатат. Алардын экөө жөө кишилер үчүн болсо, үчөө автотранспорт үчүн коюлууда.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкектеги тыгын көйгөйүн көпүрө куруу менен чечет
Тактап айтканда, автоунаа үчүн жол чырак Профсоюз менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишине, Жукеев Пудовкин менен Карасаев, Элебесов менен Курманалиев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулууда. Ал эми №37 мектеп менен Матросов көчөсүнүн кесилишине жана Ала-Тоо конушундагы №82 мектеп менен Карсаков көчөсүнүн кесилишине жөө адамдар үчүн жол чырак коюлууда.

Бүгүнкү күнү Шаар транспорт башкармалыгынын кызматкерлери 18 жол чыракты орнотуп бүтүп, ЖКККББнын адистештирилген монтаж-эксплуатациялык башкармалыгына өткөрүп беришкен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0