02:56 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
180 0 0

Курулуш иштери аяктаса, айдоочулар жаңы көпүрөлөр аркылуу шаардын ылдыйкы бөлүгүнө көйгөйсүз жете алышат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы тыгынды азайтуу үчүн жети көпүрө курулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, пландалган курулуштар темир жолдун үстүнөн өтүп, Сүйүнбаев, Төрөкул Айтматов, Логвиненко, Панфилов, Исанов, Үмөталиев жана Калык Акиев көчөсүндө жасалат. Эки көчөдө темир жол үстүнөн өтчү жолду салуу иштери жакынкы аралыкта башталып калышы мүмкүн.

"Айдоочулар жаңы көпүрөлөр аркылуу шаардын ылдыйкы бөлүгүнө кыйналбай жетип алса экен деп жатабыз. Ал үчүн Логвиненко, Панфилов, Исанов, Үмөталиев жана Калык Акиев көчөсү да Лев Толстой көчөсүнө чыгышы керек. Аларды долбоорлоо кийинки жылга пландалды", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Лев Толстой көчөсү Ауэзовдон Алыкул Осмонов көчөсүнө чейин созулат. Анын аркасы менен Бишкектин чыгыш тарабы менен батышы толук байланышып калат.

Тема боюнча

Москва көчөсүндөгү оңдоо иштери тыгын түйшүгүн жаратты. Видео
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
Белгилер:
курулуш, тыгын, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ