Балыкчыда аскерлер террорчулардын "көзүн тазалап жатат". Машыгуу

© Фото / пресс-служба Генерального штаба Вооруженных сил КРУчения Коллективных сил быстрого реагирования (КСОР) ОДКБ "Взаимодействие–2018"
Учения Коллективных сил быстрого реагирования (КСОР) ОДКБ Взаимодействие–2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Борбор-2019" аскердик машыгуунун алкагында Борбор Азияда стратегиялык багыттагы аскердик коопсуздукту камсыздоо жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларын аткарат. 

БИШКЕК, 18-cен. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда "Борбор-2019" аталышындагы командалык-штабдык ачык стратегиялык машыгууларды өткөрүп жатат.

Аскердик машыгуулар 16-сентябрда башталып, 21ине чейин уланат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Кытай, Россия мамлекеттери катышууда. Аскердик машыгууга 130 миң адам тартылары айтылды. Мындан тышкары, 20 миң аскер техникасы жана курал-жарак, 600 учуучу аппарат болот.

Тактические учения с десантированием. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
128 миң жоокер. Путин менен Жээнбеков РФтеги ири машыгууга барышы мүмкүн
Негизги машыгуулар Россиянын Оренбург облусундагы "Донгус" полигонунда болот. Ага чейин катышып жаткан мамлекеттердин ар биринде өтүп турат.

"Борбор-2019" аскердик машыгуунун алкагында өнөктөш мамлекеттердин аскерлери биргелешип Борбор Азияда стратегиялык багыттагы аскердик коопсуздукту камсыздоо жана эл аралык терроризмге каршы күрөшү тапшырмаларын аткарат.

Машыгуунун башкы максаты — заманбап шартта согуштук аракеттерди өздөштүрүү, өнөктөш мамлекеттердин аскерий органдарынын биргелешип ыкчам чара көрүү аракеттерин жогорулатуу. Жыйынтыктоочу этабына КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги катышары пландалууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0