БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн, 18-сентябрда, саат 14:00дө кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон окуя тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Депутаттар аны колдоого алышты.
"Түндө өкмөт башчы учуп келди. Бүгүн саат 14:00дө премьерди тийиштүү органдар менен кошо чакырып, Максат айылында болуп кеткен окуяны угуп койсок", — деди Жумабеков.
Төрага ошондой эле парламенттин буга чейин чек ара маселеси боюнча чыгарган токтомдорунун аткарылышын кийинки жумада карап, өкмөттөн кенен маалымат алуу керектигин кошумчалады.
Эске салсак, 2019-жылдын 16-сентябрында кечке жуук тажик чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен Кыргызстандан бир аскер каза болуп, 13 киши жаракат алды. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Баарына медициналык жардам берилип, 10 бейтап Бишкекке учак менен алып келинди. Эки аскердин абалы оор.
Мындан сырткары, Тажикстандын да үч аскери чек арадагы атышуунун кесепетинен каза болгону айтылды.
Виджет news