Өкмөт мектептеги ата-энелер фондун жоюуга белсенип жатат

Жазылуу
Учурда өлкөдөгү мектептерди талаптагыдай каржылоого өкмөттүн чама-чаркы жетпейт. Ал үчүн жылына дагы 3,7 миллиард сом бөлүнүшү керек.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Өкмөт мектептеги ата-энелер фондун жоюуга белсенип жатканын Sputnik Кыргызстанга вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда билим берүү системасына 3,7 миллиард сом жетишпейт. Өкмөт окуучулардын чыгымын эсептеген бюджеттик каржылоонун стандарты боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, гимназияда окуган бир окуучу үчүн жылына 12 миң сомдон 25 миңге чейин бөлүнүшү шарт. Ал эми региондордо бул сумма 29 миң сомго чейин жетет, окуучу чоңойгон сайын жумшалчу акчанын суммасы да көбөйө берет. Буга мугалимдин маянасы, Соцфонддун төлөмү, окутууга жана педагогдордун билимин жогорулатуу сыяктуу чыгымдар кирет.

"Бүгүнкү күндө токтомдо көрсөтүлгөн стандарттар иштебейт. Мисалы, борбор калаадагы бир гимназияда 3,5 миң окуучу билим алат. Анын бюджети 31 миллион сом, ата-энелер фонду 9 миллион чогултуп берсе, жалпы 40 миллион болот. Негизи стандарт боюнча бул мектепке 68 миллион сом бөлүнүшү керек. Демек, бийлик бюджеттик стандарттын жарымын гана аткарып жатат", — деп түшүндүрдү Өмүрбекова.

Вице-премьер мектеп мугалимдери жана директорлору акча жыйноого кийлигишпеши керектигин белгиледи. Бирок иш жүзүндө алар бул ишке аралашып эле жатат.

Депутат Лунара Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
Ошондой эле ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каржы министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине бюджеттик каржылоонун стандартын карап чыгып, мектептеги чыгымдарды жабуу үчүн чынында канча акча керектигин аныктоону тапшырганын билдирди.

"Пилоттук долбоорду Бишкектен баштап көрүүнү пландап жатабыз. Учурда борбор калаанын мектептерин каржылоого 303 миллион сом жетишпейт. Бул акчаны тапкандан кийин мыйзамга өзгөртүү киргизип, билим берүү мекемелериндеги коомдук фонддорду жоёбуз", — деди вице-премьер.

Ошону менен бирге эле Өмүрбекова ата-энелер фонду Бишкек менен Ош шаарынын бардык мектептеринде, Чүй облусунун айрымдарында бар экенин моюндады. Ал эми региондордун 98 пайызында мындай фонддор жок экенин өкмөттүн мониторинги көрсөткөнүн айтты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0