Бир жума калды! Бишкектеги транспорттордо электрондук билеттер кабыл алынат

© пресс-служба мэрии города БишкекДемонстрация платных карт "Тулпар" мэрией Бишкека
Демонстрация платных карт Тулпар мэрией Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын февралынан тарта маршруткаларда дагы окуучулар үчүн электрондук билет системасы иштей баштайт.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 20-сентябрдан тарта Бишкектеги 10 троллейбус менен 10 автобус сынамык иретинде электрондук билет системасына өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мектеп окуучуларына өзүнүн аты-жөнү жазылган карталар берилет.

"Чоң адамдар 20-сентябрдан тарта бул кызматты колдоно баштаса, окуучуларга электрондук билет октябрь, ноябрь айларында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршруткаларда дагы ушул система иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сом. Ал эми картаныкы 50 сом. Эгерде карта жоголуп же жараксыз болуп калса эски картаны жокко чыгарып, жаңысын алууга болот.

Андыктан Бишкек мэриясы ата-энелерди балдардын маалыматтарын топтоп жатканда ага түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Карта алуу үчүн эмне керек:

Троллейбус. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Эми жол кире төлөөгө зер буюмдар да "жарайт". Жаңы ыкмалар тууралуу
1. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (смартфонго деле тартса болот. Башкысы сүрөт сапаттуу жана аркы фону ак болушу кажет).

2. Сүрөттү сактаганда ылдый жагына окуучунун аты-жөнүн, туулган жылын жана окуган мектебин жазуу керек.

3. Маалыматтарды мектептин администрациясына берүү зарыл.

4. Жеке маалыматтарды берип жатканы боюнча келишимге кол коюу керек.

5. Өспүрүм тууралуу маалымат мектептердин маалымат базасында сакталат.

Эске салсак, Бишкектеги коомдук транспортто электрондук билет системасын ишке киргизүү боюнча тендерди Швейцариянын BPC компаниясы утуп алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0