БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Пробация институтунун натыйжалуу иши менен кылмыштуулук деңгээлин кыскартуу күтүлүүдө. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков Пробация департаментинин ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде билдирди.
Департамент 2019-жылдын башында өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тутумунда түзүлүп, 1-сентябрда Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлгөнүн белгиледи. Пробация — бул жазанын бир түрү. Анда соттолуучуга абактын ордуна сыноочу убакыт берилип, аны атайын орган көзөмөлдөп турат.
"Бул таптакыр жаңы институт, ага олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Пробация кардарларына чаралардын топтому колдонулат. Анын ичинде реалдуу түрдө ишке орноштуруудан тартып кесиптик психологиялык, социалдык жана башка жардамдар бар", — деди Разаков.
Мындан тышкары, Юстиция министрлигине Пробация департаментине укук коргоо жана сот органдары, Финансы министрлиги, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фонду жана башка мамлекеттик органдар тарабынан ведомстволор аралык максималдуу жардам көрсөтүү тапшырмасы коюлду.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.