09:48 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Возвращение кыргызстанцев из Хаджа рейсом Джидда — Бишкек

Ажылардын алгачкы тобу Бишкекке келип конду

© Фото / пресс-служба ДУМК
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык — 2019 (18)
35910

Алгачкы каттам менен 400 ажы келген.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 17-августта саат 22:28де кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда — Бишкек багыты боюнча келип конду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, алгачкы каттам менен 400 ажы келген. Алар ажылык амалдарын толук аткарып бүтүп, Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан "Манас" эл аралык аэропортуна учкан.

"Ажыларды тосуп алуу саамалыгына муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев жана ажылардын жакын туугандары катышты", — деп айтылат маалыматта.

17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда —Бишкек, Жидда — Ош жана Медина — Ош багыттары боюнча кайтып келет. Жалпысынан 18 каттам уюштурулат.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Тема:
Ажылык — 2019 (18)

Тема боюнча

Ажылык учурунда селфи кылса болобу? Адистин пикири
Белгилер:
муфтият, ажылык сапар, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ