Курсан Асанов алды делген пакет. Адвокат баштыктын ичинде эмне бар экенин айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЗаместитель МВД КР Курсан Асанов
Заместитель МВД КР Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта Курсан Асанов Атамбаевден акча жана зер буюмдарды алып жатат делген видео тараган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго берди делген баштыктын ичинде документ болгон. Бул туурасында мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, 13-августта социалдык тармактарда Атамбаевди кармоо учурунда Асанов андан акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат делген видео тараган.

Өз кезегинде Асанов бул боюнча жооп берип, эч кандай акча албаганын билдирген.

Жоошев чуу жараткан баштыктын сүрөтүн жарыялап, ал баштык анын колунда турганын айтты.

"Баштык Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревге берилиши керек болчу. Башкача айтканда, 8-августта Атамбаев үйүнөн чыгып жатып документ салынган баштыкты адвокатына берип коюшун Жолдубаевадан суранган. Анын ичинде акча жана баалуу буюмдар болгон эмес. Анда Атамбаевдин кылмыш иши боюнча документтер болгон", — деп жазган Жоошев.

Анын айтымында, 8-августта үйдөн чыгып жатканда баштыкты Атамбаевдин жансакчысы алып чыккан. Кийин ал баштык Атамбаев менен кошо УКМКга алып келинген. Атамбаев, Жолдубаева жана жансакчы бир машинада келген. Мурдагы президент УКМКнын алдында калып, калганын ИИМге алып кетишкен.

"Баарын ИИМдин имаратына Кундуз Жолдубаева менен жансакчысы Канат Сагымбаев келгендеги видеодон көрүүгө болот. Анда баштык жансакчынын колунда турат. Ал эми ичине киргенден кийин баштык Кундуз Жолдубаевага берилген", — деп жазган адвокат.

Ошондой эле ал Жолдубаева ИИМге сурак берип жаткан учурда баштык жанында болгонун, кийин аны Слесаревге бергенин белгиледи.

Жоошев кечээ, 13-августта, Слесарев менен жолугуп ошол баштыкты алганын жазган.

Юрист фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, эгер чынында эле акча жана зер буюмдар салынган баштыкты берүү пландалса, ал башкача ишке ашмактыгын кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алынган
Ага ИИМ кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип барган деген кине коюуда

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Алты аскер 20 саатка барымтага алынган. 

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0