ИИМ журналист Мирбек Айтикеев боюнча билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары. Архив
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар Айтикеев октябрь айына чейин камакка алынганын жазган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Журналист, жарандык активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, журналист суракка дагы чакырылган эмес.

"Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Айтикеев 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяга карата козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары каралып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Мирбек Айтикеев октябрь айына чейин камакка алынганын жазып чыккан. Журналисттин кесиптештери жана социалдык тармактын колдонуучулары анын кармалышын мыйзамсыз деп сыпаттап, бийликти сындап чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0