Жарым акчасын өкмөт төлөй турчу жеке бакчага кимдердин балдары барат. Шарты

© AFP / ERIC CABANISДетский сад в городе Фирми. Франия
Детский сад в городе Фирми. Франия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнү өлкөдөгү жалпы балдардын 40 пайызы гана бакчага барат. Өкмөттүн программасына ылайык, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 80 пайызды түзүүгө тийиш.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке бакчага барган балдары үчүн акынын 50 пайызын төлөп берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык буйрутма программасын, ошондой эле бала бакчаларды куруу жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешмеде айтты.

Өкмөттүн тараткан маалыматында бүгүнкү күнү бала бакчалардын жетишсиздиги Бишкек менен Ош шаарларында аябай байкалып жатканы айтылат. Маселени чечүү үчүн мамлекеттик социалдык буйрутма программасы ишке киргизилмекчи.

Ушу тапта өлкөдөгү наристелердин 40 пайызы гана бала бакчага барат. Өкмөттүн программасына ылайык, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 80 пайызды түзүүгө тийиш.

"Мамлекеттик колдоону көп балалуу (беш жана андан ашык) жана социалдык аяр үй-бүлөлөргө, ошондой эле багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышат. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөр дагы өтүнмө калтыра алышат", — деди Өмүрбекова.

2019-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жеке бала бакчаларга 1000, Ош шаарында 500 бала жайгаштыруу пландалууда. Бул үчүн жылына 48 миллион сом талап кылынат. Социалдык буйрутманы каржылоо Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинен ишке ашат.

Кыргызстанда социалдык объектилер кантип курулат - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө канча бала бакча, мектеп, оорукана курулду. Инфографика
Программага катышууну каалаган ата-энелерден жана бала бакчалардан билдирмелер келип түшүүдө. Учурда бул программага катыша ала турган жеке бакчаларды тандоо процедуралары жүрүп жатат. Ата-энелер долбоорго катышкан бакчанын бирин тандап, ал жакка багыттама-талон ала алышат.

Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бала бакчалардын курулушу үчүн 10 жер тилкеси тандалган.

Планга ылайык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча бардык бала бакчаларды борбор калаадагы жаңы конуштарга куруу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0