23:52 04 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Коом
Кыскача шилтеме алуу
115 0 0

Кыргызстанда аталган дарттан өлгөн мал көмүлгөн жерлер жылына эки ирет дезинфекцияланып турары айтылат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы күйдүргү менен ооруган малдын көмүлгөн саркофагы текшерилди. Бул иш менен Ленин райондук өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча комитетинин атайын комиссиясы алек болгонун шаар мэриясы билдирди.

  • Мэрия Бишкека проверила состояние захоронения сибирской язвы в жилом массиве Ала-Тоо
    Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы күйдүргү менен ооруган малдын көмүлгөн саркофагы текшерилди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэрия Бишкека проверила состояние захоронения сибирской язвы в жилом массиве Ала-Тоо
    Бул иш менен Ленин райондук өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча комитетинин атайын комиссиясы алек болгонун шаар мэриясы билдирди.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы күйдүргү менен ооруган малдын көмүлгөн саркофагы текшерилди

"Ленин районунун №3 аймактык башкармалыгына 12-августка чейин каражат бөлүп, саркофагдын жаратылыш шарттарынан улам жарака кетип калган жерлерин кайрадан бетондоп чыгуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кооптуу аймакты улам-улам таштандыдан арылтып туруу, анын тегерегине мал жолотпоо тапшырмалары коюлду.

Мындан тышкары, саркофагга тиешелүү аймакты кайрадан белгилеп, кооптуу жай экени тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде такталарды жаңылоо керектиги айтылды.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда күйдүргүдөн өлгөн мал көмүлгөн жерлер жылына эки ирет дезинфекцияланып турат.

Тема боюнча

Улуттук статком: тукумсуздукка алып келчү илдет 20-29 жаштагылардан көп табылууда
Аялдарга өзгөчө кооптуу. Дарыгерлер кант диабетинин жаңы коркунучун таап чыкты
Белгилер:
Бишкек, Ала-Тоо жаңы конушу, сибирь жарасы, Бишкек мэриясы, текшерүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ