15:56 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Ымыркай. Архив

Ошто өз ымыркайын 30 миң сомго сатканы жаткан киши кармалды

© AFP 2019 / Frank Rumpenhorst / dpa
Коом
Кыскача шилтеме алуу
36101

Ымыркай Ош облустук төрөт үйүндө 25-июнь күнү саат 09.30да төрөлгөн.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ош шаарында бир айлык кызын 30 миң сомго баалап сатып жаткан жеринен 22 жаштагы ата колго түштү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ага ылайык, шаардык милицияга калаанын Манас-Ата аймактык кеңешинин Касымбеков көчөсүндө ымыркайын сатууга кардар издеп жүргөн жигит тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу Өзгөн районунун 22 жаштагы жашоочусун бир айлык кызын 30 миң сомго сатып жаткан жеринен колго түшүрдү. Окуя 15-июль күнү болгон.

Ымыркай учурда Ош шаардык реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилген. Анын учурда эч кандай документи жок.

Алдын ала маалыматка караганда, ымыркайдын энеси 24 жашта, Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу. Ал 22 жаштагы жигит менен жарандык никеде жашап жүргөн.

Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны эки айга үй камагына чыгарды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 171-беренеси ("Адам сатуу") боюнча катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тема боюнча

Бала сатты делген гинекологдор. Ымыркайлар кантип соодаланган?
Белгилер:
кылмыш, милиция, ата, адам сатуу, кыз, ымыркай, Ош шаарынын мэриясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ