БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардагы коомдук транспорттун — кичиавтобустар, троллейбус жана автобустардын иштөөсү боюнча кайда даттанса болорун билдирди.
Байланышуу телефондору:
- 0 (555) 33-00-31 — троллейбустардын иштөөсү боюнча WhatsApp аркылуу кайрылса болот;
- 0 (312) 53-36-48 — кичи автобустардын иштөөсү боюнча;
- 0 (312) 53-48-24, 53-18-17 — автобустардын иштөөсү боюнча.
Андан сырткары, калаа тургундары өздөрүнүн сунуш-пикирлерин 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырса болот. Ошондой эле көйгөйдүн сүрөттөрү менен видеолорун 0 (554) 18-21-85 номери аркылуу WhatsApp менен жиберүүгө мүмкүн.