Бишкекте каршы тилкеге чыгып, элге тоскоолдук жараткан лимузин иликтенет. Видео

© AP Photo / Steve HelberHummer лимузини. Архив
Hummer лимузини. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы видеону иликтеп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте Hummer үлгүсүндөгү лимузин каршы тилкеге чыга калып, андагы кыймылга тоскоолдук жаратты. Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Видео Ахунбаев жана Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде 29-июнь күнү тартылганы белгилүү.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы видеону иликтеп жатканын, айдоочу тиешелүү жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0