13:06 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө түшүрүлгөн таш ремонт иштерине керектелет

Атамбаевдин үйүнө түшүрүлгөн таштын чоо-жайы айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча аракеттер (46)
9944 0 0

Экс-президент түштө билдирүү жасайт.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө түшүрүлгөн таш ремонт иштерине керектелет. Мурунку өлкө башчынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева таштын чоо-жайын сураган Sputnik Кыргызстан агенттигине ушундай түшүндүрмө берди.

Грузовая Машина разгружает камни около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө түшүрүлгөн таш ремонт иштерине керектелет. Мурунку өлкө башчынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева таштын чоо-жайын сураган Sputnik Кыргызстан агенттигине ушундай түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, ушу тапта Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында 100гө чукул адам чогулуп, экс-президент журналисттердин суроолоруна жооп берди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы үйдүн жанына таш түшүрүлүп жатканын билдирген. Ага чейин үйдүн дарбазасынын алдына бетон тосмолор коюлганы айтылган.

Айта кетчү жагдай, 25-июнда Башкы прокуратура ЖК комиссиясы тарабынан Алмазбек Атамбаевге коюлган алты айыпты кыскартып, беш кылмышка тиешеси бардыгын аныктаган. Көзөмөл органдын билдирүүсүн уккандан кийин ЖКнын тармактык комитети Атамбаевди иммунитеттен ажыратуу маселесин парламенттин жалпы жыйынында кароо сунушун жөнөткөн.

Ушу тапта депутаттардын жыйыны өтүп жатат. Бирок жогоруда аталган маселе күн тартибине кирген жок.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Кой-Таштан тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Тема:
Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча аракеттер (46)

Тема боюнча

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына бетон тосмолор коюлду. Сүрөт
Алмазбек Атамбаев учурда кайсы жакта? Сүрөт, видео
Белгилер:
Кундуз Жолдубаева, Кой-Таш, таш, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ