00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖРТдан эң көп балл алган Элдияр: жарым жылдай телефон колдонгон жокмун

© Фото / Эркин МаматкуловЖалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов
Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, эң жогорку баллды Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алды. Ал 238 упай топтогон.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ЖРТдан көп балл алган Элдияр Чормоновдун өзү менен байланышып, анын тестке кантип даярданганын жана кайсы жогорку окуу жайга тапшыра турганын сурады.

— Элдияр, кандай сезимде болуп жатасыз? Алгач "ЖРТдан эң көп балл алдың" деп ким кабарлады?

— Абдан сүйүнүп жатам. Эмгегим акталды! Үй-бүлөмдүн, эже-агайларымдын салымы чоң. Бүгүн эртең менен класс жетекчим чалып сүйүнчүлөп, лицейге чакыртты. Мен кичи мекеним Токтогул районунун Үч-Терек айылында элем. Борбордогу лицейге чейин беш сааттык жолду арытып бардым.

© Фото / Эркин МаматкуловЖРТдан озуп чыккан Элдияр Чормонов: алтын сертификат аларыма ишенгем. Тесттеги суроолорду тегеректеп жатканда деле кыйналган жокмун.
ЖРТдан эң көп балл алган Элдияр: жарым жылдай телефон колдонгон жокмун - Sputnik Кыргызстан
ЖРТдан озуп чыккан Элдияр Чормонов: алтын сертификат аларыма ишенгем. Тесттеги суроолорду тегеректеп жатканда деле кыйналган жокмун.

— Тестке кантип даярдангансыз?

— Былтыр сентябрдан тарта көңүл коюп, даярданып баштагам. Эже-агайларыбыз абдан жардам берди, лицей уюштурган курстардан өтүп, сынамак тесттерге барып, ЖРТнын китептерин окудум. Алтын сертификат аларыма ишенгем. Тесттеги суроолорду тегеректеп жатканда деле кыйналган жокмун. Предметтик тесттен математика сабагы менен англис тилин тандагам. Экөө тең жүз баллдан ашыптыр.

— Тестирлөөгө былтыртан баштап даярдандым деп калдыңыз. Жашыраак кезде конок-кечелерге баргың келип, интернетке кызыгат эмессиңби. Мындай нерселерге убакыт кандай болуп жатты?

— Андай көңүл ачуулардан баш тартууга туура келди. Телефонду жарым жылдай колдонгон жокмун. Быйыл жаңы смартфон алдым.

© Фото / Эркин МаматкуловЧормонов: университетти тандай элекпиз. Бирок, буюрса, адистигим программист болот.
ЖРТдан эң көп балл алган Элдияр: жарым жылдай телефон колдонгон жокмун - Sputnik Кыргызстан
Чормонов: университетти тандай элекпиз. Бирок, буюрса, адистигим программист болот.

— Кайсы жогорку окуу жайга тапшырганы жатасыз?

— Университетти тандай элекпиз. Чет мамлекетте да окуп калышым мүмкүн. Бирок, буюрса, адистигим программист болот.

— ЖРТдан озуп чыкканыңызга караганда бешке бүтүп жатсаңыз керек?

— Сабактарымдын бардыгы беш. Бирок күтүүсүз жерден кыргыз тилден төрт болуп калды. Апелляциялык арыз менен кайрылдык эле, бирок майнап чыккан жок. Көк аттестат алмай болдум.

— Жогорку балл алам деген окуучуларга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

— Алдына так максат коюп, ошого жараша аракет кылса, ар бир окуучу жогорку балл ала алат. Бирок аз калганда тестке даярдануу туура эмес, башынан жакшы окуганга тырышуу керек.

© Фото / Эркин МаматкуловЭлдияр Чормонов: так максат коюп, ошого жараша аракет кылса ар бир адам жогорку балл ала алат.
ЖРТдан эң көп балл алган Элдияр: жарым жылдай телефон колдонгон жокмун - Sputnik Кыргызстан
Элдияр Чормонов: так максат коюп, ошого жараша аракет кылса ар бир адам жогорку балл ала алат.

— Соңунда үй-бүлөңүз тууралуу азын-оолак кеп кыла кетсеңиз.

— Өзүм 2001-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулгам. Ошол жактагы мектепте 6-класска чейин окуп, жетинчи класстан тарта Курманбек баатыр лицейинде билим ала баштадым. Үй-бүлөдө беш бир тууганмын. Үч агам жана бир карындашым бар. Апам үч жыл мурда кайтыш болуп кеткен. Атам чакан ишкерлик менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0