14:00 20 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7300
  • EUR78.0941
  • RUB1.0899
Выставка войлочных изделий на государственной резиденции Ала-Арча

1000 долларлык панно. "Ала-Арча" резиденциясында жарманке өтүп жатат

© Sputnik / Асель Минбаева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (60)
186 0 0

Буюмдар кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан. Эмгектер ШКУ саммитине келген коноктордун көңүлүн бурары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жарманке ачылып, анда Кыргызстан кол өнөрчүлөрүнүн эмгеги коюлду.

Чеберлерди Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чакырган. Сатыкка зер буюмдар, ээр-токум, ошондой эле тапичке менен баштыктар коюлду.

  • Выставка войлочных изделий на государственной резиденции Ала-Арча
    "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жарманке ачылып, анда Кыргызстан кол өнөрчүлөрүнүн эмгеги коюлду.
    © Sputnik / Асель Минбаева
  • Выставка войлочных изделий на государственной резиденции Ала-Арча
    Чеберлерди Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чакырган.
    © Sputnik / Асель Минбаева
  • Выставка войлочных изделий на государственной резиденции Ала-Арча
    Сатыкка зер буюмдар, ээр-токум, ошондой эле тапичке менен баштыктар коюлду.
    © Sputnik / Асель Минбаева
  • Выставка войлочных изделий на государственной резиденции Ала-Арча
    Жарманкеде капчыкка жараша ар кандай буюм-тайым табууга болорун "Сайма" арт-тобунун менеджери Светлана Шейшеева айтып берди.
    © Sputnik / Асель Минбаева
1 / 4
© Sputnik / Асель Минбаева
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жарманке ачылып, анда Кыргызстан кол өнөрчүлөрүнүн эмгеги коюлду.

Жарманкеде капчыкка жараша ар кандай буюм-тайым табууга болорун "Сайма" арт-тобунун менеджери Светлана Шейшеева айтып берди.

"Сатыкка коюлган буюмдардын баасы ар кандай. Эң арзаны 150-200 сом, мындан тышкары 1000 долларлык кийиз паннолор да бар", — деди ал.

Иш-чарага 10дой кол өнөрчү катышууда. Ал эми ШКУ саммити 13-14-июнга белгиленген.

Sputnik Кыргызстан саммиттин тексттик трансляциясын жүргүзүп жатат. Ушу тапта коноктордун алды келе баштады.

Тема:
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (60)

Тема боюнча

Эреже бузса болобу? ШКУ саммити учурунда "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт
Эрте чыккыла! "Манас" аэропорту саммиттен улам жүргүнчүлөргө кайрылды
ШКУ саммитине байланыштуу жабыла турган көчөлөр. Карта
Белгилер:
саммит, жарманке, ШКУ, Кыргызстан, кол өнөрчүлүк

ЭҢ МААНИЛҮҮ